Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 4-февралы № 1/4
Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин айылдык кеңештин
төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү беренелерине жана Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, сессиянын жүрүшүндөгү добуш берүүнүн жыйынтыгына таянып, Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги I- сессиясы токтом кылат:
1. Депутат Мукашов Максат Убалиевич Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.
2. Төраганын орун басарына айылдык кеңештин Регламентине жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык өз ыйгарым укуктарын аткаруу жүктөлсүн.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg
emgektalaa. gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо жагы Эмгек-Талаа айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Касымов |