Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 4-февралы № 1/5
Тегерек-Кырчын калктуу конушуна айыл сататусун берүү жөнүндө
Тегерек-Кырчын калктуу конушунун жашоочуларынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, инфратүзүмүн өнүктүрүү жана калктын кайрылууларын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүш тууралуу” Мыйзамынын негизинде Эмгек-Талаа айылдык кенеши , токтом кылат:
1. Тегерек-Кырчын калктуу конушуна айыл статусун берүү боюнча жашоочулардын демилгеси колдоого алынсын.
2. Ушул токтомдун негизинде документтердин топтомун даярдап тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуш киргизүү жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарба, жер турак жайы, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана өз алдынча башкаруу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg
веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын
мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |