Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 12-марты № 2/2
Каттуу тиричилик таштандылардын ташып чыгарууга
тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелеринин, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 74,75 беренелеринин жетекчиликке алып, ошондой эле “Ак-Эмгек” муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Рахматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Эмгек-Талаа айылдык кенеши токтом кылат:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагынын аймагында катуу тиричилик таштандыларын жыйноо жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 2026-жылдын 12-мартынан баштап төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Калк үчүн (ар бир адамга) 10 сом
· Мекеме уюмдар үчүн (1 м 3 үчүн) 8 сом
· Коммерциалык жана башка чарба субьектери үчүн 10 сом
2. Айыл аймагындагы 1-2 топтогу майыптар жана аз камсыз үй-бүлөлөргө мыйзам чегинде женилдиктер берилсин.
3. «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Рахматовго калк жана мекемелер менен таштанды чыгаруу боюнча жаны келишимдерди түзүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg
веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын
мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына
жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика, финансы, бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Касымов |