Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 12-марты № 2/4
Шоро айылына ашык жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жоболоруна ылайык Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз II- сессиясы токтом кылат:
1. Эмгек-Талаа айыл аймагында Шоро айылындагы Копобай уулу Абдырахман көчөсүндө идентификациялык коду 4-05-10-1003-0018 жайгашкан жер тилкесинин 0,44 га ашык жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлуп алынсын.
2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Жумабаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg
веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын
мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция
башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Р. Касымов |