Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 12-марты № 2/5
Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматтарына тарифтерди бекитүү жөнүндө
Калкты ичүүчү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, суу түтүктөрүнүн абалын жакшыртуу жана таза сууну пайдалануудагы чыгымдарды жабуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, ошондой эле “Ак-Эмгек” муниципалдык ишкананын жетекчиси Б.Рахматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Эмгек-Талаа айылдык кенеши токтом кылат:
1.Эмгек-Талаа айыл аймагынын аймагы боюнча ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн тарифтер 2026-жылдан баштап төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Калк үчүн (айына ар бир адамга) 30 сом
· Бюджеттик мекеме уюмдар үчүн (айына 1 м 2 үчүн) 8 сом
· Коммерциалык жана башка чарба субьектери үчүн(айына 1 м 2 үчүн) 10 сом
2. «Ак-Эмгек» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Рахматовго калк жана мекемелер менен ичүүчү таза сууну пайдалануу боюнча жаны келишимдерди түзүү жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономика, финансы, бюджет боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Касымов |