Загрузка документа…
ЭМГЕК-ТАЛАА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-апрели № 3/1
2026-жыл айдап себүү, чөп чабуу өнөктүгүнө техникалардын, мал багуу үчүн бекиген баалары жана малчылардын жайлоолорго көчүүсү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун 14-апрель 2026-жылдагы № 6 протоколуна ылайык, айыл аймагында 2006-жылдын жазгы, жайкы, къзгъ оруп-жыйуу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын арпа, буудайларынын түшүмүн, аянттардагы көп жылдык чөп өсүмдүктүрүн коромжусуз жыйнап алуу, техникалардын бааларын, мал багуу үчүн акыларды бекитүү максатында Эмгек-Талаа айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын кезексиз III сессиясы, токтом кылат:
1.Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын жазгы,
жайкы алыскы жайлоолорго көчүүсү 1-май 2026-жылга чейин белгиленип корук башталсын.
2.Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы
жайлоолордогу 2026-жылдын 1-октябрына чейин айылдарга жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыюу салынсын.
3.Малчылардын мал багуусу бодо мал 600 сом башына, кой-эчки 80 сомдон
белгиленсин.
4. 14-апрель 2026-жылы жалпы эл менен өткөрүлгөн чогулуштун № 6
протоколдоруна ылайык малдарын малчыларга кошпой ээн эркин чыгарып жиберген мал ээсинин мал башына бодого 200 сомдон, кой-эчкиге 30 сомдон, субай уйларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык айып пул салынсын.
5. 2026-жылдын 1-октябрына чейин айылдарга жана кыштоолорго көчүп келген
жана малдарын айдап келген малчыларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык айып пул салынаары эскертилсин.
6.Жазгы жана жайкы айдап себүү чөп чабуу өнөктүгүнө техникалардын баалары
төмөндөгүдөй бекитилсин.
Беде 1 га аянтын айдоо - 3000 сом, 25 литр күйүүчү май, аныз аянтын айдоо 2000 сом, 25 литр күйүүчү май. Тырмоо 800 сом 10 литр күйүүчү май, себүү 800 сом, 10 литр күйүүчү май, арык тартуу 100 сом, 2 литр күйүүчү май. Чөп чабуу 1500 сом, 10 литр күйүүчү май, чөптү тангактоо накталай 10 сомдон, карызга 12 сомдон тангагына, чөп тартуу рейсине 800 сом, 10 литр күйүүчү май. Эгин чабуу 2500 сом 20 литр күйүүчү май. Эгин тартуу рейсине 500 сом, 10 литр күйүүчү май.
7.Ушул токтом айыл өкмөтү аркылуу каттодон өткөрүлүп, emgektalaa/naryn-
region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз республикасынын Ченемдик актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Бул токтомду аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы
Р.Жумабаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Касымов |