Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-апрели № 12/1
Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтери бекиген элдик жыйындын протоколдорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү №123 мыйзамынын 27-беренесине ылайык Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы-күзгү көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, күзгү жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтерин талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү XII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чет-Нура айыл аймагына караштуу айылдардагы жазгы көчүп-конуу убактыларын, жазгы айдап-себүү, күзгү жыйуудагы техникалардын тарифин, корук, мал багуунун тарифтери бекиген элдик жыйындын протоколдору бекитилсин.
2. Ушул токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн расмий chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын
3.Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго жүктөлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С. Бектемир уулу |