Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-апрели № 12/2
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Чет-Нура айылына курулган эс алуу паркына ысым берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Чет-Нура айылына курулган эс алуу паркына ат берүү жөнүндө айыл башчынын кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Чет-Нура айылындагы жаңы курулган эс алуу паркына “Келечек” ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
3.Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Ушул токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн расмий chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С. Бектемир уулу |