Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-апрели № 12/3
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ичке-Суу участогунан муниципалдык жер аянттан арендага берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Айдарканов Тилекмат Токтосуновичтин кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ичке-Суу участогунда жайгашкан. “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Нарын филиалы жайыт жерден трансформациялап берген 2762 контурдагы 1(бир) га жер аянты Айдарканов Тилекмат Токтосуновичке инерттик материалдарды даярдоочу дробилка орнотуп иш алып баруу үчүн 3-5 жылга ижарага берилсин.
2. Токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жана ижара мезгилин белгилөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
3. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн расмий chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С. Бектемир уулу |