Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-апрели № 12/4
Чет-Нура айыл аймагынын Нарын облусттук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан долбоорду бекитүү жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан “Орук-Там айылына ФАПтын имаратын куруу” бекитип берүү жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө айыл өкмөттүн кайрылуусун карап, талкуулап Чет-Нура айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү ХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан даярдалган Чет-Нура айыл өкмөтрүнүн Орук-Там айылына “ФАПтын имаратын куруу” долбоору бекитилсин.
2. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна тапшырылып жаткан Орук-Там айылына “ФАПтын имаратын куруу”долбооруна өздүк салым катары Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50000(элүү миң)сом акча каражаты 2026-жылдын бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы чет-Нура айыл өкмөтүнүн экономиканы өнүктүрүү, ишкердикти колдоо, инвестиция тартуу жана айыл чарба бөлүмүнүн башчысы С.Сыдыковага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кулешовго милдеттендирилсин.
5. Чет-Нура айылдык кеңешинин жоопту катчысы А.Мамырбеков бул токтомду каттого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Чет-Нура айыл өкмөтүнүн расмий chetnura.gov.kg веб-сайтка жарыялансын
7. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | С. Бектемир уулу |