Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-январы № 19/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровдун баяндамасын угуп Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынын көлөмү 5035,5 сомго бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражатынан 2025-жылдагы сметадан ашыкча түшкөн 424,3 миң сом каражаты жайыт жерлерине малды жаюу үчүн жыйымдардан түшкөн каражат болгондугуна байланыштуу Ак-Бел муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шералиев |