Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 14-январы № 19/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын 2026-жылдын 1-январына карата калдык акча каражаттарын калдыктарын бөлүштүрүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарынын 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяларга бөлүп берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынын көлөмү 56,9 миң сомго бекитилсин.
2.Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата калдык атайын акча каражатынан 56,9 миң сомго төмөндөгүдөй муктаждыктарга жумшалсын.
№ | Мазмуну | Сумма |
1 | АУПка | 13,6 |
2 | Аруу-Тилек бала бакчасына | 3,2 |
3 | Бала-Нур бала бакчасы | 1,2 |
4 | Кайыңды келечек бала бакчасына | 24,6 |
5 | Орук-Там келечек бала бакчасына | 14,3 |
Баары | 56,9 | |
3.Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык экономика бөлүмүнүн башчысы А.Абдыкадыровго тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шералиев |