Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-апрели № 1/19-75
“Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканасына бюджеттик ссуда
берүү үчүн акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканасынын салыктык карыздарын жабуу максатында, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканасына салыктык карыздарын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты жылдырылып 12 500,0 (он эки миллион беш жүз) сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда төмөнкү шарттарда берилсин:
• ссуданын мөөнөтү: 10 жыл, пайызсыз, келишимдин негизинде белгиленген графикке ылайык төлөнсүн.
• алынган каражатты салыктык карыздарды төлөөгө гана пайдалануу;
• бюджеттик ссуда белгиленген мөөнөттө толук кайтаруу милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө:
• каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылуу;
• бюджеттиу ссуданы өз убагында кайтарылышын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
3. «Турак жай жана коммуналдык чыгымдар» 70629 бөлүмүнүн 2026-жылдын бюджетинин 4-кварталына каралган асенизаторлук машинага 31121290 элементинен 5500,0 мин сом, айланма тырмо жана таш жыйноочуу техникага каралган 31122220 элементинен 2250,0 миң сом, “Коопсуз шаар” видекөзөмөл орнотууга каралган 31123230 элементинен 2-кварталдан 2216,8 миң сом, 3-кварталдан 1653,7 миң сом, 4-кварталынан 879,5 миң сом, 31113320 элементинен 2-кварталдан 2567,5 миң сом азайтылсын, 3-кварталга 1653,7 миң сом, 4- кварталга 913,8 миң сом жылдырылсын, 22154900 элементине 225,5 миң сом азайтылып, 4-кварталга 225,5 миң сом жылдырылсын, бюджеттик ссуда берүүгө 32141210 элементине 2-кварталына 12 500,0 миң сом көбөйтүлүп жылдырылсын.
“Спорткомплекс” 70811 бөлүмүнүн 31113290 элементинен 2-кварталынан 7490,2 миң сом азайлылып 4-кварталга 7490,2 миң сом жылдырылсын.
4. Токтомдун так аткарылышы айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Сулаймановго жана “Кызыл-Октябрь” МИ башчысы Дастан уулу К. милдеттендирилсин.
2026-жылдын 26-апрелинде https://kyzyl-oktyabr.gov.kg/kyzyl-oktyabr-munitsipaldyk-ishkanasyna-byudzhettik-ssuda-ber-ch-n-akcha-karazhatyn-zhyldyruu-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Т.Карамырзаев |