Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №4
Каргалык айыл өкмөтүнүн 1- январь 2026- жылга карата жергиликтүү бюджеттен калган 47078,0 миң сом калдыгын жана атайын каражаттан калган 1717,5 миң сом калдыгын 2026- жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүгүнө карап бекитип берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынын 2111 эмгек акы беренесине 100,0 (бир жүз миң) сом, 2121 социалдык төлөмдөрдү төлөө беренесине 4,4 (төрт миң төрт жүз) сом, 2215 ар кандай чыгымдарды төлөө беренесине 5800,3 (беш миллион сегиз жүз миң үч жүз) сом, 2222 чарбалык товар алуу беренесине 73,4 (жетимиш үч миң төрт жүз) сом, 2221 оңдоп түздөө беренесине 36,0 (отуз алты миң) сом, 2511 субсидии беренесине 2222,0 (эки миллион эки жүз жыйырма эки) сом, 3111 курулмаларды куруу беренесине 34568,1 (отуз төрт миллион беш жүз алтымыш сегиз миң бир жүз) сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 580,0 (беш жүз сексен миң) сом, 3113 жашылдандыруу беренесине 700,0 (жети жүз миң) сом, баардыгы болуп 44084,2 (кырк төрт миллион сексен төрт миң эки жүз) сом.
2.Билим берүү тармагынын (мектеп) 2221 учурдагы оңдоп түздөө беренесине 112,0 (бир жүз он эки миң) сом, 3111 курулмаларды куруу беренесине 2006,0 (эки миллион алты миң) сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 698,3 (алты жүз токсон сегиз миң үч жүз) сом, баардыгы болуп 2816,3 (эки миллион сегиз жүз он алты миң үч жүз) сом.
3.Билим берүү тармагынын (бала бакча) 2222 чарбалык товар алуу беренесине -60,0 (алтымыш миң) сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 117,5 (бир жүз он жети миң беш жүз) сом, баардыгы болуп 177,5 (бир жүз жетимиш жети миң беш жүз) сом.
4.Атайын каражаттан башкаруу тармагына 2215 ар кандай чыгымдар беренесине- 54,5 (элүү төрт миң беш жүз) сом, 3111 курулмаларды куруу беренесине 470,9 (төрт жүз жетимиш миң тогуз жүз) сом, 3112 жабдууларды алуу беренесине 200,0 (эки жүз миң) сом, баардгы болуп 725,4 (жети жүз жыйырма беш миң төрт жүз) сом.
5.Атайын каражат билим берүү тармагына (бала бакча) 2218 тамак-аш беренесине 992,1 (тогуз жүз токсон эки миң бир жүз) сом акча каражаты бекитилип берилсин.
6.Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге милдеттендирилсин..
7.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
8.Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |