Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №5
Каргалык айыл өкмөтүнөн 25,56 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу ” улуттук компания” мамлекеттик ишканасы тарабынан Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жазган 11-ноябрь 2025-жылдагы №14-3/6118 сандуу катына ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча » туруктуу комиссиясынын төрагасы Жолокеев Нурадил Турсунбековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушуна туш келген жалпы 25,56 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |