Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясынын
2026-жылдын 23-январындагы №6
“КАЗАРМАН” коомдук фондуна уюмдаштыруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КАЗАРМАН” коомдук фондуна уюмдаштыруучу болууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |