Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясынын
2026-жылдын 3-февралындагы №8
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Казарман айылын шаар статусуна киргизүү” жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Атамкулова Назгүл Токтоналиевнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күн тартибиндеги маселе боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоев тиешелүү мамлекеттик органдар менен комиссия түзбөй иш алып баргандыгы көрсөтүлсүн.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоев 12-январь 2026-жылдагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын №01-16/52 чыгыш сандуу катынын негизинде 28-январь 2026-жылдагы Казарман айылынын тургундары менен уюштурулган элдик жыйын Кыргыз Республикасынын “Коомдук угуулар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык иш алып барбагандыгы, ошондой эле чогулуштун тартибин бузгандыгынын кесепетинен социалдык тармактарда ар кандай чыңалуулар пайда болгону белгиленсин жана кийинки чогулуштарда ушундай көрүнүштөргө жол берилбесин.
3. 25-апрель 2008- жылдагы №65 Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу мыйзамынын негизинде иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Ж.Олжотоевге тапшырылсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.И.Токтоболотов |