Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндагы № 1
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2026-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылга бюджет долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгү боюнча жалпы 214070,2 миң сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 184070,2 миң сом, ал эми атайын каражат эсебинен (ата энелердин эсебинен чогула турган акча каражат) 30 000,0 миң сом бекитилсин.
Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2027-жылга болжолдуу киреше бөлүгү 232510,2 миң сом, 2028-жылга болжолдуу кирише бөлүгү 257921,2 миң сом болжолдонсун.
2.Базар-Коргон шаарынын бюджетинин 2025-жылдын 01-январына карата калдык 12722,1 миң сом, атайын эсепте 29,8 миң сом.
3.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын корголуучу элементтерине аппарат кызматкерлеринин жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 20846,2 миң сом, социалдык фондго төлөмдөргө 5447,6 миң сом, кызматтык кыдырууларга чыгашалары 782,2 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 851,1 миң сом, ижарага акы төлөө 1200,0 миң сом, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө 2729,3 миң сом, көмүр, отун сатып алууга 6033,0 миң сом, коммуналдык кызматтарга (таза суу акысы мектептер жана бала бакчалары) 400,0 миң сом, резервный фондго 1840,7миң сом, Базар-Коргон шаарынын калкын материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында 2650,0 миң сом материалдык жардам (5,0 миң сомдон 20,0 миң сомго чейин, чет мамлекетке чыгып дарылануу үчүн 50,0 миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
4.Базар-Коргон шаарыныны мэриясынын алдындагы «Тазалык» муниципиалдык ишканасына элден чыккан таштандыларды ташуу үчүн субсидия катары 20000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
5.Базар-Коргон шаарыныны мэриясынын алдындагы “Айыл чарба департаменти” муниципалдык ишканасына 5000,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бекитилсин.
6.Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу «Базар-Коргон жылуулук» муниципалдык ишканасына 1100,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бекитилсин.
7.Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу №2 Нышанбаев орто мектебине мектепке чейинки балдарды даярдоо үчүн 2 классты капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мэрия тарабынан токтотулгандыгына байланыштуу дүйнөлүк банкка 309,0 миң сом акча каражаты төлөнүп берилсин.
8.Атайын каражаттар эсебине (ата энелердин эсебинен чогула турган акча каражат) 30000,0 миң сом бекитилсин.
9.Базар-Коргон шаарына караштуу орто жана тогуз жылдык мектептердин корголгон статьялары үчүн 1669,7 миң сом акча каражаты бекитилсин.
10.Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жаңы асфальт төшөөгө 12712,2 миң сом акча каражаты бекитилсин, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунда көрсөтүлгөн көчөлөр кылынсын.
11.Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы конуштарга зым столба электро чубалгыларын жана трансформатор сатып алуу үчүн 7400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин, көчөлөрдүн тизмесин Базар-Коргон шаарынын мэриясынын электрик адиси жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде тизмеси аныкталып берилсин.
12.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын спорттук иш чараларын өткөрүү жана колдоо үчүн 5000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин, Базар-Коргон шаардык кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, жаштар, спорт, штат бирдиги боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугунун негизинде берилсин.
13.Жыл ичинде боло турган майрамдарга карата иш чараларды өткөрүү жана колдоо үчүн 4283,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
14.Базар-Коргон шаарынын мэриясы Кыргыз-Өзбек фондунан атайын техника алуу үчүн 8 800,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
15.Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 2026-жылга карата керектелүүчү чыгымдары үчүн 4700,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
16.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчикти башкаруу” департаменти ишканасына эмгек акысы үчүн 10191,9 миң сом акча каражаты бекитилсин.
17.Базар-Коргон шаарынын аймагында жайгашкан участкалык даарыгерлер тобунда даарыланып жаткан бейтаптар жана жарандар үчүн көчмө китеп текчелери үчүн 28,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
18.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын кызмат көрсөтүүлөр үчүн 5332,4 миң сом, бекитилсин.
19.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасы” ишканасына 2026-жылга карата аткарыла турган жумуштары үчүн 20503,1 миң сом акча каражаты бекитилсин.
20.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Капиталдык курулуш департаменти” ишканасына 2026-жылда аткарыла турган жумуштары үчүн 40511,3 миң сом бекитилсин.
21.Көчөлөргө шагал төгүү үчүн 1500,0 миң сом бекитилсин, Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде тизмеси аныкталып берилсин.
22.Фондтор менен жана долбоорлор менен иштөө үчүн 6000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
23.Алдын ала каралбаган чыгымдар үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
24.Базар-Коргон шаардык кеңешинин жана шаар мэриясынын аппаратынын кенже тейлөө персоналына, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдында түзүлгөн ишканаларынын кызматкерлерине эмгек акылары аз болгондуктан кошумча компенсация төлөнүп берилсин.
25.Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2026-жылдын 01-январына карата бюджеттик кодекстин 110-беренесине ылайык кызматкерлердин бир айлык эмгек акы өлчөмүнөн кем эмес акча каражаты калтырылсын.
26.Базар-Коргон шаарынын 2026-жылкы бюджетинин аткарылышында толуктоо өзгөртүү киргизүү шаардык кеңештин токтомунун негизинде киргизилсин.
27.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
28.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |