Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндегы № 4
Базар-Коргон шаарынын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексинин 24-главасынын 74,-75,-76-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын вице мэри Т.С.Исаевдин 23.02.2026-жылкы чыгыш №01-30/5 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым ставкасынын жеке жактар жана юридикалык жактар үчүн 100 сомго бекитилсин.
2.Базар-Коргон шаар аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан ар жылдын 1-апрелине чейин төлөп берүү жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |