Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 3
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 1-январына карата калдык болуп атайын каражаттан калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен калдык болгон 29,8 миң сом акча каражатын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча такталган планга отургузуу боюнча Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кенешинин II-чакырылышынын XVI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2025-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен иштетилбей калган 29,8 миң сом акча каражаты 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –
а) 70911- бөлүмдүн 2218-беренесине +29,8 миң сомго отургузулсун.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |