Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 5
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2026-2030-жылдарга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27,34,45-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ №178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнү улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин 19.01.2026-жылкы №01-28/99 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын 2026-2030-жылдарга чейин социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча түзүлгөн иш-планы алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |