Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги XVI сессиясынын
2026-жылдын 2-апрелиндеги № 6
Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы жаңы ачылган “Базар-Коргон сити” муниципалдык футбол клубунун штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерине ылайык, Базар-Коргон шаарынын мэриясынын “Базар-Коргон сити” муниципалдык футбол клубунун жетекчиси М.Режевалиевдин 05.02.2026-жылкы №1 сандуу катына жана Базар-Коргон шаардык кенешинин Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы жаңы ачылган “Базар-Коргон сити” муниципалдык футбол клубуна: 1 жетекчи, 1 бухгалтер кассир, 1 башкы машыктыруучу, 2 машыктыруучу, 1 күзөтчү, 1 короо шыпыруучу, жалпысы болуп 7 штаттык бирдигин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Т.С.Исаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.К.Анарбеков |