Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/1
“Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу лизинг жолу менен атайын техниканы сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 34-беренесинин “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 12-ноябрындагы “Айыл өкмөтүнө HYUNDAI R-140W-9S үлгүдөгү экскаватор техникасын лизинг аркылуу алууга уруксат берүү жөнүндөгү” № 01-2/1086 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансалык ижара (лизинг) келишиминин негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 12.600.000 (он эки миллион алты жүз миң) сом, жылдык 11 (он бир) пайыздык үстөк менен 5 (беш) жылдык мөөнөткөтөмөнкү автоунааны алууга макулдук берилсин:
- Экскаватор HYUNDAI R-140W-9S баасы 140.000 (жүз кырк миң) АКШ доллары.
2. Лизингдин жалпы баасынан 10 (он) пайыз өлчөмүндө өздүк салым-1.260.000 (бир миллион зки жүз алтымыш миң) сом камсыздалып берилсин.
3. Өздүк салымдан тышкары, лизинг жолу менен алынган автоунааны бажы жагынан жол-жоболоштурууга, каттоого, лизингдин бүткүл мөөнөтүнө камсыздандырууга жана башка тиешелүү чыгашаларга айыл өкмөтүнүнү жергиликтүү бюджетинен 1.000.000 (бир миллион) сом бөлүнүп каржылансын.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана ага байланыштуу документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго ыйгарылсын.
5. Лизинг боюнча төлөмдөр 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырамын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |