Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/2
Кара-Кулжа айылынын Бердибай уулу Карим атындагы көчөсүндө жайгашкан мечит багытында пайдаланып жаткан 4 (төрт) сотых жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууну айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин “Менчик ээсинин менчик укугу өз мүлкүн башка жакка ээликтен ажыратып бергенде, менчик укугунан менчик ээси баш тартканда менчик укугун токтотулушу жөнүндөгү” 280-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесинин 5 - бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылынын Бердибай уулу Карим атындагы көчөсүнүн тургуну Сейтакун уулу Эгемберди өзүнүн жеке менчик 5-03-05-1001-2768 идентификациялык номеринде жайгашкан жер аянтынын бир бөлүгүн кайтарымсыз мечитке пайдаланууга өз каалосу менен өткөрүп бергендигине байланыштуу, мечит багытында пайдаланып жаткан 4 (төрт) сотых жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууну айыл өкмөтүнө сунуштоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылынын Бердибай уулу Карим атындагы көчөсүнүн тургуну Сейтакун уулу Эгемберди өзүнүн жеке менчик 5-03-05-1001-2768 идентификациялык номеринде жайгашкан жер аянтынын бир бөлүгүн кайтарымсыз мечитке пайдаланууга өз каалосу менен өткөрүп бергендиги эске алынсын.
2.Мечит багытында пайдаланып жаткан 4 (төрт) сотых жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жагы айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Жер аянтын жергиликтүү тургундар мечит багытында пайдаланышсын.
4. Жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |