Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/7
Калктуу конуштардан катуу тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз чыгаруу жана жок кылуу максатында “Кара-Кулжа Тазалык ” муниципалдык ишканасына атайын таштанды ташуучу автоунаа сатып алуу багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-ноябрындагы “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык имараттардын шарттарды жакшыртуу багытындагы долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/1145 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын таштанды ташуучуавтоунаа сатып алуу багытындагы долбоор жактырылсын.
2. “Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишканасына атайынташтанды ташуучу автоунаа сатып алуу багытындагы долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 1.519.881 (бир миллион беш жүз он тогуз миң сегиз жүз сексен бир) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы “Кара-Кулжа районунун өнүктүрүү” фондусунан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |