Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/8
Калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуу маркасындагы атайын автоунаа сатып алуу багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-ноябрындагы “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык имараттардын шарттарды жакшыртуу багытындагы долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/1145 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуу (водовоз) маркасындагы атайын автоунаа сатып алуу багытындагыдолбоор жактырылсын.
2. Калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуу (водовоз) маркасындагы атайын автоунаа сатып алуу багытындагыдолбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 271.095 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорду колдоп берүү жагы Кара-Кулжа райондук өнүктүрүү мекемесинен суралсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |