Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-ноябры № 8/9
Кара-Кулжа айылында жайгашкан С.Көкөев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МЧББУ) кошумча курулган бөлмөсүн оңдоо иштерине жана эшик терезелерин алмаштыруу багытындагы долбооруна жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-ноябрындагы “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык имараттардын шарттарды жакшыртуу багытындагы долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/1145 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан С.Көкөев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МЧББУ) кошумча курулган бөлмөсүн оңдоо иштерине жана эшик терезелерин алмаштыруу багытындагы долбоор жактырылсын.
2.Кара-Кулжа айылында жайгашкан С.Көкөев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун (МЧББУ) кошумча курулган бөлмөсүн оңдоо иштерине жана эшик терезелерин алмаштыруу багытындагы долбоорду колдоого өздүк салым катары айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинен 427.000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Долбоорду колдоп берүү жагы долбоорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) грант боюнча комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төраганын орун басары | Б. Эрмекбаев |