Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/2
Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” сыйлыгына көрсөтүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” сыйлыгына көрсөтүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда бекитилсин:
1.Айылдык кеңештин депутаты Алибекова Гүлзат;
2.Айылдык кеңештин депутаты Расулова Кайыргүл;
3.Айылдык кеңештин депутаты Нурматова Зайнабү;
4. Айылдык кеңештин депутаты Жуманазарова Мээркан;
5.Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары/жооптуу катчы Апалаев Нургазы;
6.Айыл өкмөтүнүн социалдык адиси Маматкерим кызы Айзада;
7.Айыл өкмөтүнүн коопсуздук боюнча башкы адиси Мойдунова Айсулуу;
8. Биймрыза айылынын айыл башчысы Назирдин уулу Адылбек;
9.1-Май айылынын айыл башчысы Эркинбаев Өмүрбек;
2. Кара-Кулжа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” сыйлыгына көрсөтүү боюнча комиссиянын курамы биринчи уюштуруу жыйынында комиссиянын төрагасын жана катчысы бекитүү жана номенклатуралык көктөмөлөрүн түзүү жагын эске алышсын.
3.Комиссиянын курамына айыл аймагынын “Ардактуу атуулу жөнүндөгү” жобону жетекчиликке алуу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары Топчубаева Токтайымга жана Эрмекбаев Байдөөлөткө жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |