Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/3
“Кара-Кулжа МТС жана Жайыт” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешесин, чыгашасын, жалпы жумушчуларынын штаттык бирдиги боюнча эмгек акыларын бекитүү жана жайыт пайдалануу боюнча өлчөмдөрүн (тарифтерин ) бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын 34-беренесинин 2-4-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 5-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа МТС жана Жайыт” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешеси 7.755.336 сомго, чыгашасы 7.755.336 сомго бекитилсин.
2.“Кара-Кулжа МТС жана Жайыт” муниципалдык ишкананын жалпы жумушчулар 12 штаттык бирдиги боюнча эмгек акысы 2.710.000 сом, социалдык фондусу 467.475 сом жалпысынан 3.177.475 (үч миллион бир жүз жетимиш жети миң төрт жүз жетимиш беш) сомго бекитилсин.
3.Жайыт пайдалануу акысы 2026-жылга карата майда жандыктарга бир жылга 40 сом жана кара малга, жылкыга бир жылга 200 сом шартуу башка жайыт пайдалануу акысынын өлчөмү (тарифи) бекитилсин.
4.Сырттан келген мал-жандыктарга жайыт пайдалануу акысы эки эсе жогору өлчөмүндө (тарифинде) бекитилсин.
5.Жайытка көчүп кетүү үстүбүздөгү жылдын 1-май күнгө жана көчүп келүү үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрь күнгө белгиленсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары Топчубаева Токтайымга жана Эрмекбаев Байдөөлөткө жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |