Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/4
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата калдык 4.018.862 сом акча каражатынын бөлүштүрүлүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын 34-беренесинин 2-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 5-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2025-жылдагы калдык 4.018.862 (төрт миллион он сегиз миң сегиз жүз алтымыш эки) сомакча каражаты, 2026-жылга калдык катары өткөндүгү белгиленсин.
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-жылдагы калдык 4.018.862 (төрт миллион он сегиз миң сегиз жүз алтымыш эки) сомакча каражатынын бөлүштүрүлүшү бекитилсин.
3.Ой алманын көпүрөсүн оңдоого бөлүнгөн 1.000.000 сом акча каражатын жана Көк-Жар көпүрөсүн оңдоого бөлүнгөн 1.000.000 сом акча каражатын “Кара-Кулжа МТС жана Жайыт” муниципалдык ишканасына мыйзамдуу түз которуп берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Баатыровго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Альберт уулу Исхакка жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |