Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/5
Кара-Кулжа райондук социалдык фондусуна пайдаланып жүргөн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын “Айылдык кеңеш жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тийешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциялдуу ставкаларын белгилейт өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү жөнүндөгү” 18-беренесинин 4-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн 2026 -жылдагы 11-февралындагы “Кара-Кулжа райондук социалдык фондусунун 2026-жылдын 11-февралындагы №11 сандуу билдирүүсүнө ылайык райондук социалдык фондусунун 2033 м.кв. жер аянтын бекитип, айылдык кеңеш тарабынан токтом кабыл алып берүү жөнүндөгү” № 01-2/118 сандуу сунушун, айылдык кенешинин жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, жер ресурстары, айыл-суу чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 12-февралындагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан Кара-Кулжа райондук социалдык фондусуна пайдаланып жүргөн 2033 м.кв. жер аянты бекитилип берилсин.
2. Жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы райондук социалдык фондусуна жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А. Ормокеев |