Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/6
“Кара-Кулжа Таза Суу” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешесин, чыгашасын, жалпы жумушчуларынын штаттык бирдиги боюнча эмгек акыларын бекитүү жана таза-суу пайдалануу боюнча өлчөмдөрүн (тарифтерин ) бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын 34-беренесинин 2-4-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 5-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа Таза Суу” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешеси 11.955.011 (он бир миллион тогуз жүз элүү беш миң он бир) сомго жана чыгашасы 11.955.011 (он бир миллион тогуз жүз элүү беш миң он бир) сомго бекитилсин.
2.“Кара-Кулжа Таза Суу” муниципалдык ишкананын жалпы жумушчулар 23 штаттык бирдиги боюнча эмгек акысы 6.765.911(алты миллион жети жүз алтымыш беш миң тогуз жүз он бир) сомго бекитилсин.
3. Таза-суу пайдалануу акысы 2026-жылга карата Кара-Кулжа жана Биймырза айылдарына үйдөн колдонгондорго ар бир жанга 40 сом, жолдон колдонгондорго 30 сом жана 1-Май айылына үйдөн колдонгондорго ар бир жанга 27 сом, жолдон колдонгондорго 22 сом өлчөм (тариф) бекитилсин.
4. Бюджетитк мекемелерге бир куб таза суунун акысы 100 сом, коммерциялык ишканаларга бир куб таза суунун акысы 120 сом (эсептегич орнотулгандан кийин), таза-суу түтүгүн киргизүү ар бир кожолукка 7.000 сом, бюджеттик мекеме-уюмдарга 30.000 сом өлчөм (тариф) бекитилсин.
5. Кожолуктарга, жеке ишкерлерге жана мекеме-уюмдарга асфальт жолду бузуп таза суу түтүгүн киргизүү уруксат берилбесин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Топчубаева Токтайымга жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |