Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/7
“Кара-Кулжа Тазалык ” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешесин, чыгашасын, жалпы жумушчуларынын штаттык бирдиги боюнча эмгек акыларын бекитүү жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана жок кылуу боюнча өлчөмдөрүн (тарифтерин ) бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын 34-беренесинин 2-4-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 5-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишкананын 2026-жылга карата бюджетинин кирешеси 14.927.504 (он төрт миллион тогуз жүз жыйырма жети миң беш жүз төрт) сомго жана чыгашасы 14.927.504 (он төрт миллион тогуз жүз жыйырма жети миң беш жүз төрт) сомго бекитилсин.
2.“Кара-Кулжа Тазалык” муниципалдык ишкананын жалпы жумушчулар 23 штаттык бирдиги боюнча эмгек акысы 9.243.756 сомго бекитилсин.
3. Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу 2026-жылга карата ар бир кожолукка айына 110 сом, бюджеттик мекеме уюмдарга ар бир штаттык бирдигине 55 сом, коммерциялык ишканаларга метр квадратына 15 сом, суюк таштандыга 1 литрине 7 сом өлчөм (тариф) бекитилсин.
4.Мекеме-уюмдардан чыгарылган катуу тиричилик калдыктары экскаватор менен автоунаага жүктөлүп чыгарылса, ар бир рейсине 7.500 сом өлчөм (тариф) бекитилсин.
5. Борбордук көчөлөрдө чоңойуп өскөн арчалар айдоочуларга, адамдарга жана окуучуларга коопсудук жараткандыктан жаз алды менен кыскартуу жагын колго алышсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары Топчубаева Токтайымга жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |