Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/8
Кара-Кулжа райондук прокуратурасына жаңы имарат жана турак жай курууга Ш.Жээнбеков атындагы лицейдин чыгыш тарабындагы, Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан бош турган жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын “Айылдык кеңеш жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тийешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциялдуу ставкаларын белгилейт өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү жөнүндөгү” 18-беренесинин 4-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн 2026 -жылдагы 9-февралындагы “Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 2026-жылдын 5-февралындагы №11/2-53-26 сандуу билдирүүсүнө ылайык Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан бош жатканжер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/104 сандуу сунушун, айылдык кенешинин жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, жер ресурстары, айыл-суу чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 12-февралындагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа райондук прокуратурасына жаңы имарат жана турак жай курууга Ш.Жээнбеков атындагы лицейдин чыгыш тарабындагы, Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан бош турган жер аянтынын документтерин, жерди тилкесинин карта-схемасын тактоо, жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамдуу жоопкерчилик айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2.Кара-Кулжа райондук прокуратурасына жаңы имарат жана турак жай курууга Ш.Жээнбеков атындагы лицейдин чыгыш тарабындагы, Ч.Пазылов атындагы көчөдө жайгашкан бош турган жер аянты бөлүнүп берилсин.
2.Жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А. Ормокеев |