Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/9
Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгына жаңы имарат курууга Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан райондук прокуратурасынын кызматтык турак үйүнүн жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамынын “Айылдык кеңеш жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тийешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айылдык аймак үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциялдуу ставкаларын белгилейт өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндө башка маселелерди чечүү жөнүндөгү” 18-беренесинин 4-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн 2026 -жылдагы 4-февралындагы “Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 11-февралындагы №01-01-4/416 сандуу билдирүүсүнө ылайык Кара-Кулжа айылынын борборунан 0.20 га кем эмес болгон жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/91 сандуу сунушун, айылдык кенешинин жерге жайгаштыруу, жаратылышты коргоо, жер ресурстары, айыл-суу чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 12-февралындагы протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгына жаңы имарат курууга Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан райондук прокуратурасынын кызматтык турак үйүнүн 0.12 га жер аянтынын документтерин, жерди тилкесинин карта-схемасын тактоо, жер тилкесин бөлүп берүү боюнча мыйзамдуу жоопкерчилиги айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2.Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгына жаңы имарат курууга Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөсүндө жайгашкан райондук прокуратурасынын кызматтык турак үйүнүн 0.12 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
3.Жер аянтынын документтерин даярдоо жагы Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгына жана айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | А. Ормокеев |