Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/10
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин түзүлүшүн, киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын 34-беренесинин 2-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин жана Кара-Кулжа айылдык кенешинин жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, экономикалык байланыш жана бюджет, экономика, боюнча туруктуу комиссиясынын мучөлөрүнүн отурумунун 2026-жылдын 5-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин кирешеси 85.499.700 (сексен беш миллион төрт жүз токсон тогуз миң жети жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджетинин чыгашасы 85.499.700 (сексен беш миллион төрт жүз токсон тогуз миң жети жүз) сомго тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарлары Т.Топчубаевага жана айылдык кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Альберт уулу Исхакка жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |