Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/11
Кара-Кулжа айылында жайгашкан Тынчтык багындагы куурап калган көп жылдык бак-дарактарды алдырууга, санитардык тазалоого уруксат берүү жана бакты көрктөндүрүүнү, жашылдандырууну айыл өкмөтүнө милдеттендирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамын “Парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү жөнүндөгү” 34-беренесинин 10-бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып, Кара-Кулжа айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн жыйналышынын 2026-жылдын 4-февралындагы №1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан Тынчтык багына 1990-жылдан азыркы убакка чейин агын-суу менен камсыздалбагандыгы жана бак кароосуз калгандыгы белгиленсин.
2.Тынчтык багындагы куурап калган көп жылдык бак-дарактарды алдырууга жана санитардык тазалоого экология бөлүмүнөн уруксат берүү жагы суралсын.
3.Тынчтык багындагы куурап калган көп жылдык бак-дарактарды алдыруу жана санитардык тазалоо уруксат берилсин.
4.Бакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана шарттарын жакшыртуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.М.Баатыровго тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Топчубаева Токтайымга жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |