Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/12
Кара-Кулжа айыл аймагынын 2026-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасын (СЭӨП) бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын “Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу жөнүндөгү” 34-беренесинин 3-бөлүмчөсүн, Кыргыз Республикасынын “Бюджет жөнүндөгү” кодексинин 88-беренесин жетекчиликке алып жана Кара-Кулжа айыл аймагынын 2026-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы (СЭӨП) жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары/жолоптуу катчы Н.Апалаевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл аймагынын 2026-жылдан 2030-жылдарга түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы (СЭӨП) бекитилсин.
2. Айыл аймагынын 2026-жылдан 2030-жылга чейин түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасында (СЭӨП) камтылган иш чаралардын аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Баатыровго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Топчубаева Токтайымга жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |