Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Кулжа айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектүү тогузунчу сессиясынын (VIII шайланган) жыйналышы
2026-жылдын 17-февралы № 9/13
Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуучу (водовоз) атайын автоунаны лизинг жолу менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 мыйзамынын 34-беренесинин “Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу жөнүндөгү” 2-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып жана айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 22-ноябрындагы “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктеги социалдык имараттардын шарттарды жакшыртуу багытындагы долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү” № 01-2/1145 сандуу өтүнүч катын угуп жана талкуулап, Кара-Кулжа айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуучу (водовоз) атайын автоунанылизинг жолу менен сатып алууга макулдук берилсин.
2. Калктуу конуштардагы муниципалдык көчөлөрдү тазалоо, көчөттөрдү сугаруу максатында суу ташуу (водовоз) атайын автоунаны лизинг жолу менен сатып алууга, жергиликтүү бюджетинен акча каражаты өз убагында бөлүп берүү жагын камсыздоо жана лизинг келишимине, ага байланыштуу документтерге кол коюу укугу айыл өкмөтүнүн башчысы К.Баатыровго ыйгарылсын.
3.Лизинг боюнча төлөмдөр 5 жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана камсыздоо жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Топчубаева Токтайымга жүктөлсүн.
Төрага | А. Ормокеев |