Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/2
2026-жылга Тоготой айылындагы “Беки Ата Таза суу” Муниципалдык ишканасынын бюджеттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга Тоготой айылындагы “Беки Ата Таза суу” Муниципалдык ишканасынын бюджеттинин кирешелер бөлүгү 1 628 000 (бир миллион алты жүз жыйырма сегиз миң ) сомго жана чыгашалар бөлүгү 1 628 000 (бир миллион алты жүз жыйырма сегиз миң ) сомго долбоору бекитилсин.
2. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгелине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Беки Ата Таза суу” Муниципалдык ишканасынын башчысы О.Бекиевке жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |