Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/3
2026-жылга "Кара-Кочкор Таза Суу Тазалык” Муниципалдык ишканасынын бюджеттин жана катуу тиричилик таштандыларын ташып чыгууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн жана “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга “Кара-Кочкор Таза Суу Тазалык” Муниципалдык ишканасынын бюджеттинин кирешелер бөлүгү 10 737 375 (он миллион жети жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш беш) сомго жана чыгашалар бөлүгү 10 737 375 (он миллион жети жүз отуз жети миң үч жүз жетимиш беш) сомго долбоору бекитилсин.
2. 2025-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон 3 570 375 (үч миллион беш жүз жетимиш миң үч жүз жетимиш беш) сомдук чыгашасын Кара-Кочкор айыл өкмөтү тарабынан каржыланган субсидиянынын эсебинен жабылсын.
3. Таштанды тазалоого ар бир кожолуктан айына 200 (эки жүз) сомдон топтоо тарифи белгиленсин.
4. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгелине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кара-Кочкор Таза Суу Тазалык” Муниципалдык ишканасынын башчысы Осмон уулу Нуралыга жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |