Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/4
2026-жылга жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кара-Кочкор Жайыт жана Сугат Суу” Муниципалдык ишканасынын 2026-жылга карата жайыттын иш планы жана болжолдуу бюджеттин кирешелер бөлүгү 650 250 (алты жүз элүү миң эки жүз элүү) сомго жана чыгашалар бөлүгү 650 250 (алты жүз элүү миң эки жүз элүү) сомго долбоору бекитилсин.
2. Маңдай жүктөгүч тракторунун мото саатка негиз болжолду бюджеттин кирешелер бөлүгү 1 109 056 (бир миллион жүз тогуз миң элүү алты) сомго жана чыгашалар бөлүгү 1 109 056 (бир миллион жүз тогуз миң элүү алты) сомго долбоору бекитилсин.
3. Маңдай жүктөгүч тракторунун мото сааттын тарифи 2772,64 сомго бекитилсин.
4. Кара-Кочкор айыл аймагынын тиешелүү уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде, ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрүнүн, баалардын инфляциясынын деңгелине жана башка процесстердин эсебинен келип чыккан өзгөртүүлөргө ылайык, бюджеттик статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизилип турууга укук берүү менен бул өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында каралып, бекитиле тургандыгы белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Кара-Кочкор Жайыт Сугат Суу” Муниципалдык ишканасынын башчысы Т.Кайыпкуловго жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |