Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/5
Теректерди кыюууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Кара-Кочкор айылындагы терекзарды сквер кылуу үчүн, андагы теректерди кыюууга макулдук алуу жөнүндөгү орун басар-жооптуу катчы И.Курманбаевдин 2026-жылдын 13-февралындагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айылындагы терекзардагы, теректерди кыюууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы кеңештин Регламент, депутаттык этика, мандат, мыйзамдуулуктуу, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси Б.Абдырахмановго жүктөлсүн.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |