Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 17-5 буйругу менен бекитилди) |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИ
Кыргызстандын энергетика тутумундагы
бөлүштүрүүчү орнотмолорунун, электр станцияларынын, көмөк
чордондорунун жабдууларынын жана 0,4-500кВ электр өткөрүүчү аба
чубалгыларынын диспетчердик (ыкчам) аталыштарын түзүү боюнча
типтүү нускама
БИШКЕК 2026
Мазмуну
Диспетчердик аталыштарды түзүүдө колдонууга сунушталган кыскартуулар |
-3 |
Бөлүм 1. Жалпы бөлүгү. | -8 |
Бөлүм 2. 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарындагы диспетчердик аталыштар плакаттар, жазуулар белгилер | -9 |
Бөлүм 3. 0,4-6-10 кВ тармактардын түркүктөрүндөгү диспетчердик (ыкчам) жазуулар, плакаттар, белгилер. | -10 |
Бөлүм 4.Диспетчердик (ыкчам) аталыштар менен жазууларды түшүрүү жана түркүктөрдү номерлөө. | -13 |
Бөлүм 5. БП жана ЭП плакаттары жана жазуулары. | -40 |
Бөлүм 6. Колдонуу. | -40 |
Бөлүм 7. Электр станцияларынын бөлүштүруүүчү орнотмолорунун, көмөкчордондорунун жана 35-500 кВ электр өткөрүүчү аба чубалгысынын диспетчердик аталыштарын түзүү принциби |
-45 |
§1. Терминдер жана аныктамалар | -46 |
Бөлүм-8. Электр жабдууларын диспетчердик аталыштардын мисалдары. |
-50 |
Схемалар | -53 |
|
|
Электр орнотмолорунун жана электраппараттарынын диспетчердик
аталыштарынын кыскартылган белгилери.
Ө | Өчүргүч |
ЖӨ | Жүктөөчү өчүргүч |
ӨА | Өткөргүчтүн ажыраткычы |
ТОЧА | Тышка орнотулуучу чубалгылык ажыраткычы |
ИОА | Ички орнотмонун ажыраткычы |
ЭПӨ | Экиаранын пункту өчүргүчү менен(АЧ-6-10кВ бөлүкө бөлүүчү) |
ӨКП | Ажыраткыч менен камдык пункт (эки тарамды |
байланыштыруучу, 6-10кВ ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) | |
АК | Ажыраткычтарды камдыктоо (эки тарамды байлоо, ага 6-10 кВ тарамдардын ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) |
тарамдардын ортосунда кадимки кесилиш орнотулган) | |
БП | Бөлүштүрүү пункту |
БО | Бөлүштүрүүчү орнотмо |
ТП | Трансформатордук пункт (6-10/0,4 кВ трансформатордук көмөк |
чордон) | |
АЧ | Аба чубалгысы |
КЧ | Кабелдик чубалгы |
ТК | Трансформатордук көмөкчордон 35 кВ жана андан жогору |
У | Уюк |
ТР-Р | Электр орнотмодо бир трансформатордуу күч трансформатору |
Т-1,1-2 | Эки же андан көп учурда ж.б. |
ЖЧ | Жердеткич чапкы |
ӨКТ | Өздүк керектөөнүн трансформатору |
|
|
Диспетчердик аталыштарды түзүүдө колдонууга сунушталган кыскартуулар | |
|
|
Электр энергетика объекттеринин жана бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн түрүн белгилеген кыскартуулар:
| |
АЧ - | аба электр чубалгысы; |
ШЭС - | шамал электр станциясы; |
РЭТ - | райондук электр тармактары; |
ГТО - | газотурбиналык орнотмо; |
СЭС - | суу электр станциясы; |
ДЭС - | дизелдик электр станциясы; |
ЖБТ - | жабык бөлүштүргүч түзүлмө; |
КАЧ - | кабелдик аба электр чубалгысы; |
КЧ - | кабелдик электр чубалгысы; |
ЖБТ - | жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
ТЖБТ - | тышкы жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
ЭЖБТ - | элегаздык каптама менен жыйнакталган бөлүштүрүүчү түзүлмө; |
АБТ - | ачык бөлүштүргүч түзүлмө; |
КП - | которуучу пункт; |
КЧ - | көмөк чордон; |
ЭТИ - | электр тармактар ишканасы; |
БП - | бөлүштүрүүчү пункт; |
КЭС - | күн электр станциясы; |
ТЧ - | трансформатордук көмөкчордон; |
ЖЭС - | жылуулук электр станциясы; |
ЖЭБ - | жылуулук электр борбору; |
|
|
Жабдуунун түрүн билдирген кыскартуулар | |
|
|
АӨ - | автоматтык өчүргүч; |
АТӨ - | автоматтык талаа өчүргүч; |
АТ - | автотрансформатор; |
СКБ - | статикалык конденсатор батареясы; |
Ө - | өчүргүч; |
ЖӨ - | жүктөөчү өчүргүч; |
БОБЧ- | була-оптикалык байланыш чубалгысы; |
ТАК - | туруктуу агындын коймосу; |
ЖЖТ - | жогорку жыштыктагы тосмо; |
Г - | генератор; |
СГ - | суу генератору; |
ЖӨР - | жалын өчүрүүчү реактор; |
ЖЧ - | ажыраткычтын жердеткич чапкысы; |
ЖА - | жердетүүчү ажыраткыч; |
Ч - | чабышкы; |
БК - | байланыш конденсатору; |
ЧЧ - | чубалгылык чогултма; |
Б - | бөлгүч; |
АЧЧ - | ашыкча чыңалууну чектөөчү; |
АӨТ - | айланма өтүүчү өтмөктөр тутуму; |
С - | сактооч; |
А - | ажыраткыч; |
СД - | сарпжапкычтуу дүрмөтсүздондүргүч; |
ЖАЖС - | жүктөлүш астында жөнгөсалуунун түзүлмөсү; |
АР - | агынды чектөөчү реактор; |
КӨКТ - | камдыктагы өздүк керектөө трансформаторы; |
ӨЭ - | өтмөктүк экиара; |
СР - | сагактоочу реактор; |
СК - | синхронный трансформатор; |
СТК - | статикалык тиристордук компенсатор; |
ӨТ - | өтмөктүк тутуму; |
Т - | трансформатор; |
ТГ - | турбогенератор; |
ЧТ - | чыңалуу трансформатору |
ӨКТ - | өздүк керектөө трансформатору; |
АТ - | агын трансформатору; |
БСР - | башкаруучу сагактоо реактору; |
КЧ - | кошулуу чыпкасы. |
1-бөлүм. Жалпы бөлүм
1. Бул типтүү нускама "Кыргызстан УЭТ" ААКнын электр тармактар ишканаларына жана иштетип пайдалануу уюмдарына жана электр станциялардын башка менчик ээлери жана башка мыйзамдуу ээлери үчүн жайылтылат.
2. Типтүү нускама бардык ыкчам жана техникалык иш кагаздар (анын ичинде иштаккагаздар) боюнча колдонуу үчүн 0,4-500кВ электр тармактары ишканаларында аталыштардын жана жазуулардын бирдиктүү, толук жана иштөөгө ыңгайлуу тутумун киргизүү үчүн иштелип чыккан, ошондой эле ыкчам которуштурууларды, текшерүүлөрдү жана оңдоолорду жүргүзүүдө ишкерсандын катасыз багыты үчүн арналган.