Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/7
Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Респулбикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №4 протоколун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын Ынтымак айылындагы Ынтымак орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөө иштерине өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 367 221 (үч жүз алтымыш жети миң эки жүз жыйырма бир) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |