Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/8
Муниципалдык менчикте турган имараты “Сары-Булак” балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Сары-Булак айылындагы чайкананын имаратын “Сары-Булак” балдар бакчасына өткөрүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн Коомдук коопсуздук боюнча башкы адиси Ө.Коргонбековдун 2026-жылдын 13-февралындагы маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айылындагы чайкананын имараты “Сары-Булак” балдар бакчасына өткөрүлүп берилсин.
2. Кортундусун берүү жагы Кара-Кулжа райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы И.Курманбаевке тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |