Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 1/9
Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Респулбикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34”-Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү”, бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 18-декабрындагы №4 протоколун угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын Кара-Кочкор айылындагы жабык тибиндеги кичи футбол аянтчасынын курулушуна, өздүк салым үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 431 625 (төрт жүз отуз бир миң алты жүз жыйырма беш ) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Раджаповага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошовго тапшырылсын.
Төрага | Мухамедысак уулу Э. |