Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-марты № 2/1
2025-жылдын жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын II бөлүмүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү, 34-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, 2-“Жергиликтүү бюджеттин жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдаланышы жөнүндөгү” бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 27-мартындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Раджапова Гүлназдын 2025-жылдын жыйынтыгы менен Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттинин аткарылышынын жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнүн абалы жөнүндөгү отчету кемчилдиктери менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жана Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орун басар | З. Сулайманова |