Загрузка документа…
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КАРА-КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-марты № 2/2
Аймактагы мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерге таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактагы мекеме ишканаларда иштеген ар бир кызматкерге таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымы 100 сомдон бекитилсин.
2. Таштандыларды ташып чыгуу боюнча жыйымдарды төлөө, эсептерди тапшыруу мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелери жөнүндө Кодексинин 76-беренесинин 3-пунктуна ылайык ар бир жылдын 1-апрелине чейин белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкерлик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Орун басар | З. Сулайманова |