Загрузка документа…
ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
2026-жылдын 15-апрели № 9/1
Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графиги жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баалары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин Регламентинин 1-бөлүмүнүн 2-главасынын 2.2-пунктуна ылайык Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы, көчүп-конуу графиги жана айдоо жерлерин айдоо, чөптөрүн чабуу, малалоо, таңгактоо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баалары боюнчаЫлай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү акысы жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча мал баккандар жана механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү баалары жана жайлоого көчүп кетүү, жайлоодон көчүп келүү маселеси боюнча төмөндөгүлөр эске алынсын:
- ар бир баш майда жандык үчүн бир айына---200 сом, 1-айына 220 сом;
- ар бир баш бодо мал үчүн бир айына---1000 сом субайга, 1500 сом торпоктуу уйга;
- жер айдоо ар бир сотых аянтка---60 сом;
- чөп оруу ар бир сотых аянтка----40 сом;
- жер малалоо, чөп тырмоо ар бир сотых аянтка---20 сом;
- чөп таңгактоо даанасы---25 сом;
- чөп оруу ар бир сотых аянтка Ешка---45 сом;
- эгин басуу ар бир сотых аянтка комбайн---60 сом;
-17-апрелден жакынкы жайлоого, 10-майдан 20-майга чейин чоң жайлоого көчүп кетүү;
-20-августтан кийин жайлоодон көчүп келүү.
2.Ылай-Талаа айыл аймагында жашаган тургундардын малдарын жайлоого алып чыгып багып келүү жана айдоо жерлерин айдоо, малалоо, эгинин, чөптөрүн чабуу, таңгактоо боюнча жогорудагы баалар аркылуу кызмат көрсөтүү, графикке ылайык көчүп-конуу жагы бадачыларга жана механизаторлорго сунушталсын.
3.Бул токтом расмий каттоодон өткөрүлсүн жана расмий жарыялоо булактарында жарыялансын.
4.Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ылай-Талаа айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарбасы, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Мойдунов |